Ош: Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолу тазаланууда
Такталган маалымат боюнча 2022-жылдын 2-августунда саат 18:45 чамасында, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 51-чакырымында болжол менен 10-15 м3 таш түшкөн.Мындан улам жүргүнчүлөр каттаган унаа жол жабык, жабыркагандар жок.
Жерине тазалоо үчүн №26 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып, унаа жолго түшкөн таштын көлөмү чоң болгонуна байланыштуу жалгыз техниканын кубаттуулук күчү жеткен эмес. 3-август күнү жолго түшкөн ташты жардыруу жолу менен тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Жогору аталган жолдо каттам жабык экендиги тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жергиликтүү калкка түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.