Ош: Ноокат районунда сел кырсыктарын алдын алуу иштери жүрүп жатат

ОШ: НООКАТ РАЙОНУНДА СЕЛ КЫРСЫКТАРЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ
КР Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеевдин тапшырмасы менен “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчеминин негизинде техникалык каражаттарды тартуу атайын график менен бекитилген.
Аталган иш-мерчемине ылайык, 2023-жылдын 4-март күнүнөн баштап бүгүнкү күнгө карата Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүнүн Көк-Бел айылындагы “Ак-Сай” сел кетүүчү сайдан 115 метр жери сел калдыктарынан тазаланды, жалпы аткарылган жумуштун көлөмү 355м3 түздү.