Ош-Ноокат унаа жолунда спринтер күйүп кетти

29-ноябрь күнү Ош-Ноокат унаа жолунун 5-чакырымында Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
Өрт саат 23:50дө чектөөгө алынып, 00:10до толук өчүрүлдү. Өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар жок.