Ош облусунда өрттөн улам 3 бөлмөлүү турак үй өрттөнүп кеткен

Бүгүн Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Көчүбаев айылында жыгач устундуу  турак үй өрттөнүп жаткандыгын маалымдашкан. Маалыматка ылайык, турак үйдүн чатыры шифер менен жабылган.

Электр чайнегинен чыккан өрттүн кесепетинен өрттүн жалпы аянты 60 чарчы метрге жетип, 3 бөлмөлүү үй толугу менен өрттөнүп кеткен.

Өрт кырсыгынан улам үйдүн ичинде болгон бардык эмеректер, документтер күйүп кеткен.

Бактыга жараша жабыркагандар жок.