Ош облусунда жер титирөө катталды
2022-жылдын 17-октябрь күнү саат 21:37де, КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.