Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

ОШ ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 10:42 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Ачык-Суу жана Сары-Могол айылында 2 баллга чейин сезилди.
📌Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.