Ош: Окуучулар үчүн күз-кыш мезгилинде суу объектилериндеги коопсуздук эрежелери боюнча окуу өткөрүлдү

КР ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары шаардын мектеп окуучулары менен “Күз-кыш мезгилинде суу объектилериндеги коопсуздук” темасынды ачык сабактарды өткөрүштү.
Сабактын жүрүшүндө окуучуларга муз үстүндөгү коопсуздук эрежелери эскертилди. Эгер муз жарылып кеткен учурда жанында эч ким жок болуп калса, кандай чаралар көрүлүшү зарыл экендиги айтылды. Ал эми жабыркагандарга алгачкы туура жардам көрсөтүү ыкмалары практика жүзүндө көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, мындай алдын алуу иш-чаралары республиканын бардык мектептеринде системалуу түрдө өткөрүлүп турат.