Ош: Окуучуларга суу обьектилериндеги суу коопсуздук эрежелери боюнча окуу өткөрүлдү

06.12.2022
ОШ: ОКУУЧУЛАРГА СУУ ОБЪЕКТИЛЕРИНДЕГИ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЮНЧА ОКУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан шаардын мектеп окуучуларына “Күз-кыш мезгилинде суу объектилериндеги коопсуздук” темасында ачык сабак өткөрүлдү
Сабактын жүрүшүндө окуучуларга муз үстүндөгү коопсуздук эрежелери эскертилди. Маселен эгер муз жарылып кеткен учурда жанында эч ким жок болуп калса, кандай чаралар көрүлүшү зарыл экендиги айтылды. Ал эми жабыркагандарга алгачкы туура жардам көрсөтүү ыкмалары практика жүзүндө көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, мындай алдын алуу иш-чаралары республиканын бардык мектептеринде ӨКМдин Суучулдар кызматынын демилгеси менен системалуу түрдө өткөрүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР