Ош: Оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйгөн
9-сентябрь күнү саат 07:50 чамасында Кара-Суу районунун Нариман а/а, Кашкар-Кыштак айылында унаа токтотуучу жайда “ХОВО” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине №102 Кара-Суу райондук өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн бир өрт өчүрүүчү унаасы тартылып, саат 08:12 өрт чектөөгө алынып, толук 08:52 өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйгөн.
Жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.