Ош: Пиротехникалык каражаттарды сатуучу жайларда рейд өттү
ОШ:ПИРОТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ САТУУЧУ ЖАЙЛАРДА РЕЙД ӨТТҮ
ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана КР ӨКМнин Өрткө каршы көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери
шаардын борбордук базарындагы пиротехникалык буюмдарды жана майрамдык электр буюмдарын сатуучу жайларга биргелешкен рейд өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, пиротехникалык каражаттар, шамдар сатыла турган соода түйүндөрү текшерилди. Майрамдык пиротехникалык буюмдарды сатуу жана колдонуу эрежелерин текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Жаңы жылдык майрамдар аяктаганга чейин ӨКМдин жооптуу кызматкери пиротехникалык буюмдар сакталган жана сатылган жерлерди текшерет.


