Ош: Өрт өчүрүүчүлөр окуучулар үчүн “Ачык эшик күнүн” өткөрүштү

ОШ: ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН АЧЫК ЭШИК КҮНҮН ӨТКӨРҮШТҮ
ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалы тарабынан билим берүү мекемелеринин
окуучулары үчүн “Ачык эшик күнү” өттү.
Анын негизги максаты – өрткө каршы кызмат менен таанышуу жана балдардын өрт коопсуздугу боюнча билимин жогорулатуу. Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМдин кызматкерлери окуучулар менен өрт коопсуздук эрежелери, өрттүн келип чыгуу себептери, алардын келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу баарлашты.
Окуучулар өрт учурундагы жүрүм-турум эрежелери, өрт өчүрүүчү алгачкы шаймандар менен таанышып, өрт өчүрүүчүлөдүн кызматы жөнүндө кеңири маалымат алышты. Ошондой эле, окуучулардын эсине “101” жана “112” өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтарынын телефондорун эскертишти.