Ош: Өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2021-жылдын 14-декабрь күнү КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын  Н. Байтемиров көчөсүндө жайгашкан Ош “Сема” өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча лицейинде сабак өтүлдү.

55 мугалим 391 окуучунун катышуусунда өрт коопсуздугун алдын алуу максатында практикалык сабак өтүлдү, сабактын жүрүшүндө Өрттөн сактанууну жана алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарын пайдалануу эрежелери көрсөтүлдү, башкармалыктын куткаруу кызматы куткаруу иштерин жүргүзүп, биринчи медициналык жардамды туура көрсөтүү тартиби боюнча көрсөтүп берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР