Ош: Өрт коопсуздугун алдын алуу
Коомдук жайларда өрттүн алдын алуу максатында ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы соода борборлорунун биринде өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чарасы өттү.
Иш-чаранын алкагында соода борбордун кызматкерлерине жана конокторуна өрт коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттардын пайдаланылышы тууралуу айтылды. Мындан тышкары, катышуучуларга өрт учурундагы аракеттердин алгоритми тууралуу маалымат айтылды.


