Ош:Өрт коопсуздук эрежелерин эскертебиз

Араван районундагы Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн С.Юсупова айыл өкмөтүндө болушту. Алгач мөмө-жемиш базарында жайгашкан соода-сатык дүкөндөрүн кыдырып чыгышты.
Андан соң аймактагы коомдук тамактануучу жайларда, ошондой эле РСК банкында болушуп, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүү менен, эрежени сактоо-коопсуздуктун кепилдиги экендигин эскертишти.