Ош: өрттүн кесепетинен 4 жаран каза болду
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө КР ӨКМнин жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, өрт саат 09:28де чектөөгө алынган, өрт саат 11:32де толук өчүрүлдү.
❗❗❗Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши 41 жаштагы Ж.Г. жабыркап жана 2 аял 65 жаштагы-А.Б., 39 жаштагы-Ж.А. жана эки жаш бала 12 жаштагы-Ж.С., 2 жаштагы-Х.М. каза болду.
Турак үй толугу менен күйгөн, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.