Ош — Сары-Таш —Эркештам унаа жолунда кар күрткүсүн тазалоо иш-чаралары жүрүп жатат
ОШ — САРЫ-ТАШ — ЭРКЕШТАМ УНАА ЖОЛУНДА КАР КҮРТКҮСҮН ТАЗАЛОО ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ
Ош облусунун Алай районунда 18-февралда саат 6:00 чамасында Ош — Сары-Таш —Эркештам унаа жолунун 179-чакырымында 1200 м3 кар көчкү түшүп, Катын-Арт тилкесинде унаа жолу жабылып, саат 10:00дө бир тараптуу ачылган. Ошондой эле 142-239-чакырым аралыктарында кар күрктүсү пайда болгон.
Бүгүн жерине кеңейтүү жана тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында №960 ЖТИден 4 жүктөгүч, 2 грейдер, 1 унимог, 1 бульдозер, 1 манипулятор жана 8 кызматкер тартылган. Кошумча маалымат берилет.