Ош: Сел каптоо жана жер көчкү коркунучу бар айылдарда элди коопсуз жайга көчурүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

ОШ: СЕЛ КАПТОО ЖАНА ЖЕР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУ БАР АЙЫЛДАРДА ЭЛДИ КООПСУЗ ЖАЙГА КӨЧҮРҮҮ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Жаз келип, кардын эриши жана жаан-чачындын жаашы менен кооптуу деген аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында КР ӨКМдин Кара-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери, Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтары, Папан жана Катта-Талдык айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу жана Алчалуу айылдарындагы жана Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Кара-Сөгөт айылындагы жер көчкү жана сел каптоо коркунучунан көчпөстөн кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды коопсуз жерге көчүп чыгуу боюнча атайын эскертүү баракчалары берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти тарабынан сел каптоо жана жер көчкү коркунучунан кооптуу деп табылган төмөнкү айылдарга корутундулар берилген:
Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы 12 турак-жайга 2016-жылдын 1-июнь күнү № 102 корутунду берилген.
Алчалуу айылындагы 4 турак-жайга 2016-жылы 20-апрель күнү № 69 корутунду берилген.
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Кара-Сөгөт айылындагы 11 турак-жайга 2021-жылы 9-май күнү № O-173, 13-сентябрь күнү № O-296, 17-сентябрь күнү № O-297 жана 22-октябрь күнү № O-316 корутунду берилген.