ОШ: Сел каптоодон коргоо иши кызуу жүрүүдө

ОШ: СЕЛ КАПТООДОН КОРГОО ИШИ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ
✅Калкты жана аймактарды сел, суу ташкындарынан жана табияттын башка кырсыктарынан коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешовичтин 2022-жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларынын болжолдуу мерчемин бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде, КР ӨК министринин орун басары Эделбек Кулматовдун 2022-жылдын 2-февралындагы буйругуна ылайык, жаңырган жылдын февраль жана март айларында аткарылуучу иш-чаралардын тизмеги бекитилген.
✅Ага ылайык, 10-февраль күнү Кара-Суу районунун Папан айылдык аймагынын Бөрү айылындагы сел өткөрүү Эшме сайынын жээгинде жашаган 12 турак-жайды сел каптоо коркунучунан коргоо максатында ,1 даана Бульдозер бөлүнүп берилип, сел өткөрүүчү Эшме сайында азыркы учурда жумуш жүрүп жатат.