Ош: Шаарда көп кабаттуу турак үйлөргө өрт-тактикалык машыгуу өттү
ОШ: ШААРДА КӨП КАБАТТУУ ТУРАК ҮЙЛӨРГӨ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдө ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.
Иш-чаранын мерчемине ылайык, саат 15:23тө жергиликтүү тургундар тарабынан 101 байланыш түйүнүнө кабар келип түшкөн.
Айтылган дарекке башкармалыктан 4 бөлүм саат 15:30да тартылган. Тилсиз жоо саат 15:34 убактысында курчоого алынып, 15:44тө толук өчүрүлгөн.
Машыгууга Ош шаардык Электр энергия менен камсыздоо жана жарыкты чүмбөттөө кызматы, ИИМ жана тез жардам кызматы да активдүү катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР