Ош: Шаарга жаңы 10 өрт өчүрүүчү унаалар тапшырылды

ОШ: ШААРГА ЖАҢЫ 10 ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Бүгүн, КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгына өрт өчүрүүчүлөр үчүн атайын жабдыктар жана жалпы 10 даана HOWO үлгүсүндөгү ар кандай шарттагы өрттү өчүрүүгө, авариялык куткаруу иштерин жоюуга ылайыкталган техникалар, анын ичинде бийиктиги 54 метрге жете турган атайын шатысы бар унаа тапшырылды.
Заманбап өрт өчүрүүчү жаңы авто унааларды тапшыруу аземине Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, ӨКМдин кызматкерлерине ар дайым элдин коопсуздугун камсыздоодо “сактоо коргоо жардам” деген девиз алдында кызмат өтөөсүнө тилектештигин билдирди.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылы да Орусиянын “Варгаши” заводунан чыгарылган 58 даана КАМАЗ үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү автоунаалар сатып алынып, анын 5 даанасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгына тапшырылган.