Ош шаарында окуу борбору жана жанаша жайгашкан үйлөр күйдү

22-декабрь кунү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жалпы аянты 60 ч.м. болгон “Самара” окуу борбору толугу менен күйүп, жанаша жайгашкан турак үйдүн 24 ч.м. чатыры жана Мухаммед Али Джинах көчөсүндөгү турак үйдүн 140 ч.м. чатыры күйдү.
Өрттү өчүрүү иштерин №12 ӨККБнөн 2 бөлүм алып барды. Чектөө убактысы: 16:38.
Толук өчүрүү убактысы: 18:00.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.