Ош шаарында тез тамактануучу жай өрттөнүүдө

Алдын ала маалымат боюнча, Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан “Дамак” тез тамактануучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:50дө Ош шаардык №12 Өрткө каршы бөлүмүнөн жалпы 4 бөлүм, ШТАБ жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Көчмө башкаруу пунктунун ыкчам тобу тартылган. Өрт 12:30да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү жүрүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.