Ош шаарында жаш жоокерлеринин ант берүү аземи болуп өттү
2021-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын жана 2-3 Өзүнчө-издөө куткаруу отрядынын, жаш жоокерлеринин ант берүү аземи болуп өттү.
Жаш жоокерлер бир ай ичинде аскердик турмушка көнүгүү программасын, анын ичинде күн тартип, аскердик Уставдын жоболорун жана кызматтык милдеттерин окуп үйрөнүштү.
Жогоруда аталган сабактардан кийин гана мекен алдындагы антын беришип, өлкөбүздүн эгемендигин коргоо тапшырмасын аткарууга киришет.
Келген конокторго жаш жоокерлер курал менен саптык көргөзмөлөрдү жана кол урушунун ыкмаларын көрсөтүштү.