Ош: Сиздин коопсуздук үчүн куткаруучулардын аракети

КРнын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы жарандардын жай мезгилинде сууга түшүү коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет. Эс алуу учурунда жарандардын жана жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп кетүүсүн алдын алуу максатында куткаруучулар шаар аймагындагы канал жана дарыя, суу көлмөлөрүн кыдырып жатышат.

Жолугушууда сууга түшүүгө келген жаш балдарга жана жарандарга түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлүүдө. Эскерте кетсек, мындай иш чаралар жай мезгили аяктаганга чейин уланат.