Ош: Сулайман тоодон кулаган таштын кесепетинен 1 турак-жай жабыркады

ОШ: СУЛАЙМАН ТООДОН КУЛАГАН ТАШТЫН КЕСЕПЕТИНЕН 1
ТУРАК-ЖАЙ ЖАБЫРКАДЫ
Туруксуз аба ырайына жана жаан-чачындын кесепетинен Сулайман тоодон таш кулоо учуру катталып, Ош шаарындагы Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан турак жайдын дубалын тешип киргендиги боюнча башкармалыкка 2023-жылдын 24-февраль күнү аталган турак үйдүн ээси кайрылган.
Кайрылуунун негизинде, жерине 8 куткаруучу тартылып, кулап түшкөн ташты куткаруучу шаймандардын жардамы менен майдалап, сыртка чыгарып беришти.
Иллюстрациялык сүрөт колдонулду