Ош: Табигый мүнөздөгү кырсыктарды алдын алуу
ОШ:ТАБИГЫЙ МҮНӨЗДӨГҮ КЫРСЫКТАРДЫ АЛДЫН АЛУУ
2023-жылдын 9-февраль күнү КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы көп кабаттуу мекемелерде, окуучу көп окуган мектептерде табигый мүнөздөгү жер титирөө темасында алдын алуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Иш чаранын жүрүшүндө мекеме башчыларына, мугалимдерге жана окуучуларга жер титирөө катталган учурда кандай жерлерде өздөрүн коргоого мүмкүн экендиги жөнүндө КР ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын офицерлери тарабынан ачык сааттар өткөрүлдү жана мектептердин кошумча эшиктери текшерилди.