Ош: Цистернанын астында калып, каза тапкан жарандын сөөгү чыгарылды

ОШ: ЦИСТЕРНАНЫН АСТЫНДА КАЛЫП, КАЗА ТАПКАН ЖАРАНДЫН СӨӨГҮ ЧЫГАРЫЛДЫ
Кечээ, 21-декабрь күнү 3 цистерна (вагон) темир жол каттамынан чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, бир эркек киши жабыркаган.
Бүгүн жерине өрт чыгуу коркунучун жоюу жана каза болгон жаранды цистернанын астынан чыгарууга КР ӨКМден ыкчам топ, 3 өрт өчүрүүчү бөлүм, 18 куткаруучу жана ИИМден 10, тез жардам кызматынан 6 кызматкер тартылып, каза болгон жарандын сөөгү чыгарылды.