Ош: Турак үйдүн тургундарына өрт тактикалык машыгуу өттү
КР ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын Разаков көчөсүндө жайгашкан 16 кабаттуу турак үйдө өрттүк тактикалык сабак өткөрүлдү.
Сабакка №13 АӨККБтөн бир автошаты жана өрт өчүрүүчү автоунаа тартылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө өздүк курамга көп кабаттуу бийик турак үйлөрдө катталган өрт кырсыгын жоюу жана адамдарды куткаруу боюнча практикалык сабак өтүлдү. Ошондой эле турак үйдүн жашоочуларына кырсык катталган учурунда кандай аракет кылуу керек экендиги жана эвакуация жолдору үйрөтүлдү.