Ош: Турак үйлөргө кооптуулук жараткан 600 метр дренаж канал тазаланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте машыгуу өткөрүштү.

Машыгуунун алкагында жаандын көп жаагандыгына жана жер астындагы суулардын көлөмүнүн көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, дренаж каналын тазалоо иши жүрүүдө.

Аталган каналдагы суу ташкындап турак жайларга, социалдык объектилерге кирип, кээ бир турак үйлөр кооптуу абалга келип, жашоочуларга коркунуч жаралган.

Ош шаарынын “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Көкүм-Бий көчөсүндөгү дренаж каналына бак-дарактар кулап, суунун нугун бууп жана электр мамылары авариялык абалга келип, ички жолдорду да суу жууп кеткен эле.

16-март күнү Ош шаарынын ЖК жетечилиги алдында ыкчам жыйын уюштурулуп, аталган даректе Ош шаарынын ЖК башкаруу органдарынын тиешелүү күч каражаттарын тартуу менен кооптуулукту жоюу максатында дренаж каналын тазалоо, бак дарактарды алуу, электр мамычаларын коопсуздандыруу боюнча тапшырмалар коюлган. Жалпы тазалануучу каналдын узундугу 600 метрди түзөт