Ош: Учкун айылындагы 15 турак жай коопсуз жайга көчүрүлдү

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылдык өкмөтүнүн Учкун айылындагы жер көчкү коркунучунда жашап жаткан 15 турак жайды убактылуу коопсуз жайга чыгарып туруу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери жана өздүк курамы менен чатыр шаарчасы уюштурулду.

Кооптуу участкадан коопсуз жерге чыгуу боюнча Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 4-март күнү жергиликтүү тургундарга эскертилип, ар бирине эскертүү кагаздары берилген.