Ош: Унаа жолун ачуу иштери жүрүп жатат
ОШ: УНАА ЖОЛУН АЧУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда бүгүн эрте мененки саат 08:00дөн баштап унаа жолдорун кар көчкүдөн тазалоо иштери уланууда. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 95-чакырымынан 107-чакырымына чейинки аралыкта түшкөн майда кар көчкүлөрдү тазалап, унаа жолду ачуу иштери жүрүп жатат.
Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жерине №26 Жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 1 грейдер тартылды.
Маалымат катары айта кетсек, Кара-Кулжа районунун башчысы-акимдин буйругунун негизинде унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

