ОШ: Өзгөчө кырдаалдар учурунда калкты коргоо багытында атайын машыгуу

Ош шаарынын Жарандык Коргонуу башкаруу органдары, ЖК кызматтары менен биргеликте Ош шаарынын №4 Манас-ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында катуу таасир берүүчү уулу зат агып кеткен учурда радиациялык, химиялык, биологиялык коргоо үчүн тапшырмаларды аткарууда Жарандык Коргонуу күч жана каражаттарынын иш-аракеттерин уюштуруу боюнча атайын практикалык машыгуу өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын машыгуунун планына ылайык, аймактык башкармалыктын аймагында химиялык коркунучтуу заттар төгүлгөн учурда абалды жөнгө салуу, мындан ары жайылуусуна бөгөт коюу жана кечиктирилгис жумуштар аткарылды. Жабыркагандарга өз учурунда ыкчам медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана жакын жашаган жашоочуларды коопсуз аймакка эвакуациялоо иш-чаралары практика жүзүндө жүргүзүлдү.

Машыгуунун негизги максаты — өзгөчө кырдаалдарга калктын даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле жарандык коргонуу жаатындагы бардык деңгээлдеги кызмат адамдарынын билимин жогорулатуу.