Ош: Өзгөн районунда 18 турак жай суу ташкындарынан корголду

ОШ: ӨЗГӨН РАЙОНУНДА 18 ТУРАК ЖАЙ СУУ ТАШКЫНДАРЫНАН КОРГОЛДУ
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеевдин тапшырмасы менен “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчеминин негизинде техникалык каражаттарды тартуу атайын график менен бекитилген.
Аталган иш мерчемдин негизинде Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек айылынын 18 турак жайын жана айыл чарба жерлерди Кара-Дарыясынын суусунун ташкынынан сактоо максатында бир даана бульдозер тартылып алдын алуу иштери жүрүүдө.