Ош: Өзгөн шаарынын тургундарына өрт коопсуздугун алдын алуу багытында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

🔶Өзгөн райондук ӨКБнүн Өзгөн шаардын №53 ӨККБнүн өздүк курамы турак үйлөрдө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
🔷Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМ кызматкерлери Өзгөн шаарынын турак үйдө жашаган тургундарга күнүмдүк турмушта өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өзгөчө кырдаалдар жана өрт келип чыккан учурун “101” жана “112” номурларына тез арада чалууну эскертишти.
Профилактикалык иш-чаранын негизги милдети – өрттүн жана адамдардын өлүмүнүн алдын алуу, өрт коопсуздугунун эрежелерин дайыма сактоо зарыл экендигин элге түшүндүрүү.
‼️Белгилей кетсек,турак жайларда өрттүн келип чыгуу себептеринин көбү үй ээлеринин отко этиятсыз мамиле кылуусу, электр жабдууларын эксплуатациялоодо өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу.
ӨКМ кызматкерлери бардык жарандарды өрт коопсуздугунун элементардык эрежелерин сактоого олуттуу жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат, анткени бул эрежелерди билүү сиздин жана сиздин жакындарыңыздын өмүрүн сактап калат.