Ош: Жаңы 18 өрт өчүрүүчү унаалар тапшырылды

ОШ: ЖАҢЫ 18 ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНААЛАР АЛЫП КЕЛИНДИ
Бүгүн, КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө 10 “HOWO”, 7 “KAMAZ” өрт өчүрүүчү авто унаа жана 1 “HOWO” авариялык-куткаруу унаасы тапшырылды.
Заманбап өрт өчүрүүчү жаңы авто унааларды тапшыруу аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жамалдинов Зиядин Исламович катышып, жаңы унаалар атайын машыгууларда гана кызмат көрсөтүшүнө тилектештигин билдирди.