Ош: Жаш муундарга “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” темасында семинар өттү

КР ӨКМне караштуу Жарандык адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедрасынын адистери 5-октябрь “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу”күнүнө карата жаш муундар үчүн атайын семинар өткөрүштү.
Семинарга Ош шаарынын . М.Горький атындагы №8 гимназия орто мектебинин окуучуларына жана ОшМУнун студенттери катышып, аларга өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана өзгөчө кырдаалдарда өзүн-өзү сактоо ыкмалары жөнүндө билимин  жогорулатуу боюнча комплекстүү лекция өттү.
Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда аракеттер жана жүрүм-турум эрежелери боюнча ачык сабактар, когнитивдик викториналар өткөрүлдү.