Ош: Жер титирөөнүн күчү 3 баллга жетти

ОШ: ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН КҮЧҮ 3 БАЛЛГА ЖЕТТИ
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 19:13тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жер титирөө Өзгөн районунун Мырза-Арык, Куршаб айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Правда айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.