Ош: Жоголгон жарандын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди

ОШ: ЖОГОЛГОН ЖАРАНДЫН СӨӨГҮ ИИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛДИ
Такталган маалымат боюнча, 2022-жылдын 13-декабрь күнү 1964-ж.т. А.Г. аттуу аял киши Петров көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан боюнча дайынсыз жоголгон.
Жогоруда аталган жарандын сөөгү Абакир уулу Төрөбек көчөсүнөн агып өткөн Увам каналынан ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.