Ош: Жол кырсыгынан 13 адам жабыркаган

15-август күнү Өзгөн районуна караштуу Өзгөн шаарында эки “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаалары жана “Дэу-Лабо” үлгүсүндөгү унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен жалпы 13 адам ар кандай түрдө жаракат алышкан. Тактап айтканда 8 жаран учурда оор абалда жана 5 жаран жеңил жаракат алышкан.
Жерине ӨКМнин №53 ӨКБ тартылган куткаруучулары жаракат алган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.