Ош: Жыгач базардан чыккан өрт чектөөгө алынды

Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө базардын аймагында жыйылган жыгачтардан өрт чыккандыгы тууралуу ӨКМдин 112 бирдиктүү телефонуна маалымат түшкөн.
‼️Өрттү өчүрүүгө саат 03:38де Ош шаардык №12 өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм, саат 03:39да №13 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм, саат 03:58де, №12 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 03:59да №13 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 04:00дө Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 5 бөлүм тартылган.
Такталган маалымат боюнча, Касымбеков көчөсүндө жыгач базардан чыккан өрт саат 04:44тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.