Ошто “Ак Буура” тамактануучу жайы өрттөнүп, 5 бөлүм өчүрүү ишине тартылды

ОШТО ТАМАКТАНУУЧУ ЖАЙ ӨРТТӨНҮП, 5 БӨЛҮМ ӨЧҮРҮҮ ИШИНЕ ТАРТЫЛДЫ
Алдын ала маалымат боюнча, Оштун Навои көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдан (кафе) өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:55те Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, 1 автошаты, саат 10:02де Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм, саат 10:04тө Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 5 бөлүм, 1 автошаты жана ыкчам топ тартылган.
Өрт саат 10:16да чектөөгө алынып, саат 11:45те толук өчүрүлдү. Болжол менен 700кв.м. аянты күйгөнү белгилүү болду.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
5 бөлүм өрт өчүрүүчү унаалар айдоочулардын жолго унааларын туш келди токтоткондугунан жана жарандардын кайдыгер мамилесинен улам убагында жерине жетүүгө тоскоолдук жаралды.  Ошентсе да  ӨКМдин өрт-өчүрүүчүлөрүнүн ыкчам аракетинин натыйжасында тилсиз жоо чектөөгө алынып, тамактануучу жайдын астыңкы кабаты сакталып калды

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР