Оштун Нариман айылында ири өрт кырсыгы катталды
Бүгүн Оштун Нариман айылында үйлөрдүн биринин 2 кабаттуу сарайы 150 түк чөбү менен толук өрттөнүп (жалпы аянты 40 ч.м.), өрттүн жалыны ага жанаша жайгашкан экинчи турак үйдүн ашканасынын жана мончосунун чатырына өтүп күйгөн (жалпы аянты 20 ч.м.).
Өрттүн чогу ошол эле учурда дагы бир турак үйдүн короосунда жаткан 100 түк беде чөпкө чачырап, ал толугу менен күйүп кеткен.
Тилсиз жоо Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман а/а Нариман айылынын Ынтымак көчөсүндө орун алган. Бул тууралуу маалымат саат 05:26да түшкөн.
Жерине КР ӨКМдин ӨКББдан жалпы 5 бөлүм тартылып, өрт саат 06:11де чектөөгө алынып, саат 07:32де толук өчүрүлгөн.
Маалыматка ылайык, өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым эсептелүүдө.





