Отко этиятсыз мамиледен 540 даана таңгакталган тоют чөп чыгым болду

Бүгүн Баткен районунун Ак-Татыр айылында турак үйдүн короосунда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Такталган маалыматка ылайык, таштандыларды тазалап, өрттөөдөн улам ачык аянтта таңгакталган чөп өрттөнүп кеткен. 100 чарчы метр аянтка жеткен өрттүн кесепетинен 540 даана таңгакталган тоют чөп чыгым болгон.

Өрт кесепетин жоюуга аймактагы №31 ӨККБнөн 1 бөлүм тартылып, 14:44тө өрттү толугу менен өчүрүүгө жетишкен.