Президент Садыр Жапаров Улуттук аза күтүү күнүн жарыялап, кыргыз элине кайрылуу жасады

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: “ЭР ЖИГИТ ЭЛ ЧЕТИНДЕ — ЖОО БЕТИНДЕ. БААТЫР ЖООКЕРЛЕРДИ ТӨРӨГӨН ЭНЕЛЕРГЕ БАШЫМДЫ ИЙИП ТААЗИМ КЫЛАМ”
Баткен облусундагы куралдуу кагылышуудан жай жарандарыбызды жоготтук, жоокерлерибиз Мекен чегин коргоп жатып баатырларча курман болушту. Буга байланыштуу Президентибиз Садыр Жапаров өлкө аймагына Улуттук аза күтүү күнүн жарыялап, кыргыз элине көңүл айтуу менен кайрылуу жасады.