Республикалык штабда Баткенден келген мекендештерге адистер психологиялык жардам көрсөтүп,убактылуу пункттарга жайгаштырууда

Баткендеги кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунан улам жабыр тарткан жана эвакуация болгон мекедештер үчүн Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда республикалык штаб ачылып, ал жакка кайдыгер карабаган мекендештерибиз азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек жана акчалай да жардам көрсөтүшүүдө.
Аталган жайда ачылган республикалык штаб гуманитардык жардамдарды гана чогултуучу пункт болбостон, Бишкек шаарынын 4 райондук администрациянын социалдык коргоо кызматынын адистери кезектешип, Баткенден борборго келген жарандардын өздүгүн тактап, аларга психологиялык жардам көрсөтүү менен Бишкек шаарынын ичинде ачылган убактылуу пункттарга жайгаштырууда.