Өрт өчүрүүчү- куткаруучулар татаал шарттагы машыгуудан өтүштү
ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ- КУТКАРУУЧУЛАР ТАТААЛ ШАРТТАГЫ МАШЫГУУДАН ӨТҮШТҮ

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн өздүк курамы атайын түтүн камерасында жана таза абада аткаруулуучу көнүгүүлөрдү аткарышты.
Газ түтүндөн коргоо кызматынын атайын планынын негизинде өткөн машыгуунун (ГТКК) максаты чыныгы реалдуулуктагы өрт жана өзгөчө кырдаалдарда өзүн алып жүрүүдө өрт-өчүрүүчү куткаруучулардын психологиялык-моралдык жана физикалык даярдыгын бекемдөө болуп саналат.

