Өрт эстафетасынан Кыргызстандын командасы тажиктерден озуп чыкты

ӨРТ ЭСТАФЕТАСЫНАН КЫРГЫЗСТАНДЫН КОМАНДАСЫ ТАЖИКТЕРДЕН ОЗУП ЧЫКТЫ
Бүгүн өрт куткаруу спортунун “өрт эстафетасы 4×100” түрү боюнча мелдеште Кыргызстандын атынан барган команда алгач өзбек спортчулары менен жарышка чыгып жеңилген. Андан соң тажиктердин өрт өчүрүүчүлөрү менен таймашууда Кыргызстандын спортчулары ыкчамдыгын жана шамдагайлыгын көрсөтүп, алдыга оозуп чыкты.
Белгилей кетсек, Өзбекстандын Самарканд шаарында өрт куткаруу спорту боюнча XVII дүйнөлүк чемпионат өтүүдө. Ага 11 мамлекет катышууда. Кыргызстандын атынан КР ӨКМдин өрт куткаруучуларынан түзүлгөн команда күч сынашууда.
Чемпионаттын жүрүшүн кененирээк төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар.