Өрт коопсуздугу боюнча тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Кара-Көл шаардык №94 ӨККБнүн өздүк курамы тарабынан №2 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жалпы билим берүүчү инновация мектебинде өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгууга аталган мектептин мугалимдери жана окуучулары толугу менен катышып, адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыл башында мерчемделген машыгуу Кара-Көл шаардык жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өткөрүлдү.