Өрт коопсуздугун сактоону эскертишти
Талас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Арал жана Уч-Эмчек айылдарынын тургундарына кургатылган чөптөрдү жыюуда өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы тууралуу үй ээлерине нускама өткөрүштү.
Катталган өрт кырсыктары көп учурда жеке менчик жер үйлөрдө чыгып жаткандыгына токтолушту. Өзгөчө күз мезгилинде оруп-жыйноо учурунда өрттүн чыгуусу тууралуу түшүндүрүштү. Себеби, айыл ичинде таштандыларды өрттөгөндө, балдардын от менен ойноосунан улам тилсиз жоо келип чыгат. Ошондуктан айы эли өрт коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл экендигин айтып өтүштү.






