Өрт коопсуздугунун алдын алуу үчүн иш чаралар уланууда

Араван району боюнча ӨКБнүн кызматкерлери тарабынан Араван районунун С.Юсупова жана Чек -Абад айыл өкмөттөрүнүн, Бабур, Кызыл-Аяк, Таныр көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдүн жашоочуларына  өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө айыл тургундарына жылытуучу приборлорду жана мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо керектиги айтылды.

Мындан тышкары, ӨКМдин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга өрттүн алдын алуу боюнча маалымат баракчаларын таратып, 112 жана 101 куткаруу кызматтарынын номерлерин эскертишти.